Language selection

Search

Joint statement on recent developments in the Kyrgyz mining sector

The text of the following statement was released by the Embassy of Canada to the Kyrgyz Republic and the British Embassy in the Kyrgyz Republic.

May 13, 2021

As significant investment partners of Kyrgyzstan, we are concerned about recent developments in the mining sector. We are closely following the developments related to the Law on Joint Stock Companies, and the upcoming extraordinary session of the Parliament of Kyrgyzstan on May 17, where we understand deputies will discuss the probable nationalization of the Kumtor Gold Company. Both these actions in particular cause much concern due to their potential far reaching consequences on foreign direct investment in Kyrgyzstan. A transparent and fair business environment is critical to recovery from the COVID-19 pandemic. Measures that negatively impact trade and foreign direct investment will further undermine already fragile economic livelihoods of the Kyrgyz people. We express our hope that commercial agreements will be upheld and disputes will be resolved quickly and amicably by foreign investors and Government of the Kyrgyz Republic working together.

Кыргыз тоо-кен тармагындагы акыркы окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүү

Төмөндөгү билдирүү Канаданын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан жарыяланган

2021-жылдын 13-майы

Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып турабыз. "Ачык акционердик коомдор жөнүндөгү" мыйзамга жана биздин түшүнгөнүбүз боюнча, депутаттар «Кумтөр Голд» компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулай турган парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна байланышкан окуялардын өнүгүшүнө көз салуудабыз. Бул эки окуя тең негизинен Кыргызстанга келүүчү чет өлкөлүк түз инвестициялар үчүн узакка бара турган жыйынтыктарга жеткиргенине байланыштуу тынчсыздандырат.
Таза, акыйкаттуу ишкерлик чөйрөсү COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде өзгөчө чечүүчү маанини ээлейт. Ал эми соодага жана чет өлкөлүк түз инвестицияга терс таасир берген чаралар кыргыз элинин ансыз да морт болуп турган экономикасына залалын тийгизет.
Биз коммерциялык макулдашуулар колдоо таап, ал эми келишпестиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен чет өлкөлүк инвесторлордун биргелешүүсү менен тез арада жана тынчтык жолунда чечилет деп ишеним артабыз.

Date Modified: