Language selection

Search

Joint Statement by Ministers Garneau and Ng on recent developments in the Kyrgyz mining sector

English version

Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы акыркы окуялар боюнча министрлер Гарно жана Ын тараткан биргелешкен билдирүү

2021-жылдын 17-майы. Оттава, Онтарио – Тышкы иштер министрлиги

Бүгүн ардактуу тышкы иштер министри Марк Гарно менен ардактуу чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын төмөнкү билдирүүсүн жарыялашты.

Билдирүүнүн тексти:

«Канада Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагында уланып жаткан окуяларга тынчсызданууда.

Биз Кыргыз Республикасынын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйынында «Центерра Голдго» көзөмөл жүргүзүү үчүн «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы тууралуу билдирүүгө таңданып турабыз.  Бул Кыргыз Республикасына түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал»

Ошондой эле Канада чет өлкөлүк инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине таңданат.

COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кептейт.

Байланыш:

Юми Хан
Пресс-катчы
Чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министрлигинин кеңсеси
343-551-0246
Youmy.Han@international.gc.ca

Сирин Хури
Пресс-катчы
Тышкы иштер министрлигинин кеңсеси
Syrine.Khoury@international.gc.ca

ЖМК менен байланыш бөлүмү
Тышкы иштер министрлиги
343-203-7700
media@international.gc.ca
Биздин Twitter баракчабыз: @CanadaTrade
Facebook баракчабыз: Canada’s international trade - Global Affairs Canada

Date Modified: